// //

Миллиардерден жаштар үчүн 10 кеңеш

2018.12.14, 17:21
4437

Ричард Брэнсон англиялык бизнесмен жана миллиардер. Брэнсондун Virgin Group корпорациясынын курамына 400 ашык мекемелер кирет. Ал өзүнүн жетишкендиктери тууралуу бир нече китеп жазган. Миллиардердин китебиндеги ийгиликке жетүүнүн 10 сырын силерге айтып беребиз

Кыялыңарды орундаткыла

Бизнести акча үчүн эле баштаган туура эмес. Жасап жаткан ишиңерден ырахат алгыла. Кандай иште болбосун өжөрлүк керек. Мисалы мен студент кезимде бир журналга интервью даярдаш үчүн тааныган атактуу адамдардын бардыгына кат жөнөткөм. Алардын ичинен бир-экөөсү гана жооп берген. Бирок жооп берди да, туурабы?

Сиздин бизнес адамдардын жашоосун жеңилдетиш керек

Сиз сунуштап жаткан кызматты колдонуп жаткан кардарлар “мурун буларсыз кантип жашап келгенбиз” деп айтышы керек. Эсиңерде болсун, сиздин бизнес дүйнөнү жакшыртууга багытталган. Мындай ой менен иш алып баруу кыйла жагымдуу.

Идеяңарга ишенгиле

Идеяңыз сизге дем күч берип турушу керек. Андан тышкары өзүңөрдүн идеяңар менен башкаларды да шыктандыргыла. Ошондой эле сиздин сунуш башкалардыкынан айырмаланып туруш керек жана мыктыраак болушу керек.

Жасаган ишиңерден рахат алгыла

Жумушуңду берилип жасаганга жана андан рахат алганга эч нерсе жетпейт. Бул чексиз бакыт.

Командаңарды сыйлагыла

Командаңарга кам көргүлө. Аларга бардык шартты түзүп бергиле. Команданын ар бир мүчөсү өзүнүн функциясын дилгирленип аткарсын.

Багынбагыла

Биринчисинде ишке ашпай калса дароо баарын таштап салбагыла. Жеңилбегиле! Бардыгына кол шилтеп, оңой жолго түшүп алгың келет. Көйгөйдү чечүү мүмкүн эместей сезилет. Бирок, бул жаңылыштык. Эч качан утулбагыла!

Жасай турган ишиңерди күндө тизмектеп жазгыла

Мен күндө бүтүрө турган жумуштарымдын ондон ашык тизмегин жазам. Бул сапат ийгиликтүү ишкерди башкалардан айырмалап турат. Андан тышкары, күндө жаңы максаттарды коюу зарыл. Бир жылдык, бир айлык, бир жумалык пландар болууга тийиш.

Башкаларга тапшырма бергенди үйрөнгүлө

Мыкты ишкердин башкы сапаттарынын бири бул кандайдыр бир ишти сенден жакшы билген адиске өткөрүп берүү. Мен бизнесменмин, бирок эч убакта мыкты менеджер боло албайм. Ошондуктан кесипкөй адамдарды командама чогулткам.

Телевизорду унуткула

Кедейлердин үйүндө чоң телевизор бар бирок, китептери аз, байлардын телевизору чакан бирок, китептери көп. Апам мени, башкалардын жашоосуна убактыңды коротпой өз жашооң менен жаша деп үйрөткөн. Бул абдан жакшы тарбия. Мен убактымды текке кетирбей, маанилүү иштерди бүтүрүүгө умтулам.

Бакыттын сыры жөнөкөй

Эгер сиздин үй бүлөңүз, үйүңүз жана иче турган даамдуу тамагыңыз бар болсо – демек сиз бактылуу адамсыз. Калганы анчалык деле маанилүү эмес, мага ишенип койгула. Бирок, жан дүйнөңүз жактырган иш менен алек болсоңуз, ийгилик өзү сиздин эшигиңизди кагат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт