// //

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

2020.03.30, 12:07
36420

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында жигити анын акчасына жашап жүргөнү айтылат.  

"Акыл үйрөткөндү жакшы көрөт"

Чет өлкөдөмүн. Мээнетим менен тапкан акчамды ата-энеме салып жардам берем. Бир жигит менен сүйлөшө баштагандан бери, айлыгым ата-энеме түгүл, өзүмө артпай калды.

Намысымды ага арнап койгонума кээде өкүнөм.

Чогуу турабыз. Батирдин ижарасы, тамак-аш, өзүмдүн жана анын баскан турганына кетчү каражаттын баары менин мойнумда. Мен менен таанышкандан бери иштебей үйдө жатат. Эки жылдан бери тапканымдын баарын ага сарптайм. Айлыгым деле көп эмес.

Жумуш караштыр десем, “ооба” деп коюп диванда чалкалап жатат.

Акыл үйрөткөндү жакшы көрөт. “Билим ал”, “алдыңа чоң максат кой, “жашооңду өзгөрт” ж.б ушул сыяктуу сөздөрдү айтат. Ушуларды өзү колдонсо кана! “Керек болсо ата-энең сага акча салсын, кыйналып иштеп жүргөнүңдү билет бекен?” дегенде өрттөнүп кетем. Баса, дагы бир көп колдонгон сөзүн айтайын: “Жокчулугумда жанымда боло албасаң, барчылыгымда жанымда болушуңдун кереги жок!"

Байкуш ата-энем акчамдын кереги жок экенин айтып, “өзүңө жакшы кара” деп эле турушат. А мен аларга жардам бергим келет. Анткени ата-энем карапайым адамдар, турмуш-шартыбыз орто.

Айлыгым тиер замат аны алганга шашылат.

- Өзүм чогултам. Сенде турса акчалар кайда кеткени билинбейт.

- Сен мага ишенбей көңүлүмдү оорутуп жатасың.

- ...

- Сенсиз жашап келгем, сенсиз да жашай алам.

- Мен сага акчамды берүүгө милдеттүү эмесмин.

Бир аздан кийин байкуш болуп жаныма келип кечирим сурайт. Жылуу сүйлөп, сүйөөрүн, эч жакка кетирбей турганын айтат. Эмне кылышым керек? Кеңеш бериңизчи.

Адис кеңеш берет

Асель Баимбетова, психолог

Сиз абдан акылдуусуз жана бардыгын түшүнүп турасыз. Сизге ортоңордогу мамиле жаккан жок, бирок өзүңүздү кармап, унчукпай жатасыз. Сабырыңыз түгөнгөндө жарыласыз. Укуктарыңызды жана кызыкчылыктарыңызды коргош үчүн катуу ачууланышыңыз керек сыяктуу өңдөнөт.

Мындай мамиле нормалдуу эмес, жигитиңиздин пикирине көз каранды болуп калдыңыз жана ал сизди башкарып жатат. Бирок сиз ачууланганда аны кысымга аласыз, ал курмандыкка айланат, кечирим сурайт, жүрөгүңүз жаман адам болууну каалабайт, сиз кечиресиз, ошентип бул туюк айлампадан чыга албай жүрө бересиз.

Балким, сиз өзүңүзгө ишене бербейсиз, тез эле бирөөгө байланып каласыз, жетиштүү колдоо таба албай жүргөндө, андан колдоо, жылуу сөздөрдү угуп, ортоңордогу мамиле жакпаса дагы макул болуп аны менен бир болуп жатасыз. Анын “колдоосу” үчүн бул өтө эле кымбат баа эмеспи?

Бирок, көйгөй ал жигитте эмес, сизде. Сиз ал жигитке ушундай мамиле кылууга жол бердиңиз. Өзүңүздү баалоонун үстүндө иштеп, өзүңүздү колдоону жана өзүңүздүн пикириңизге гана таянганды үйрөнүңүз. Курмандыктын ролун ойнобогонго аракет кылыңыз.

Интернетте көз каранды мамиледен кантип чыгууга болот деген көптөгөн видеолор бар. Ошолорду угуңуз, максатыңызга карай багыт алыңыз. Сөзсүз ийгиликке жетесиз. Мен сизге ишенем!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт