IT компаниянын жетекчиси Динара Руслан сунуштаган китептер
Codify Lab компаниясынын жетекчиси жана негиздөөчүсү Динара Руслан окуган китептер тизмесинен эң көп таасир калтырган китептерди сунуш кылат.
"Искусство мыслить масштабно"
Бул мотивация берүүчү китеп. Тактап айтканда сатууга, башкарууга, көп акча табууга, эң негизгиси бактылуу болууга жардам берет. "Искусство мыслить масштабно" китебинде кур убадалар эмес, пайдалуу методдор жазылган. Мисалы, көптөн бери батир сатып алууну кыялданып жүрөсүз дейли. Бирок ага дароо жетүү мүмкүн эмес. Китеп "Эмне кылуу керек?" деген суроо жооп издеп, кыялды этапка бөлүүгө үйрөтөт.
"Атлант расправил плечи"
Айн Рэнддин бул философиялык китеби дүйнөгө болгон көз карашты өзгөртүп, адам жашоосунун мааниси, коом, капитализм, социализм тууралуу суроолорго жооп берет. Китеп үч томдон турат.
"Я и деньги"
Каржылык ийгиликке жетүү үчүн керектүү билимге ээ болгондон, өзүнүн үстүнөн иштегенден, кыйынчылыктардан коркпогон адамдар үчүн жазылган китеп. Кыскасы, бул китепти окугандан кийин акчаны кантип өзүңүзгө иштетсе болоорун түшүнөсүз.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Жаш бизнесмен Нурсултан Кубанов сунуштаган 5 китеп