// //

Дебатчы болгусу келгендерге 10 кеңеш

2018.10.16, 15:31
3892

Нурайым Шамырканова - Борбордук Азиядагы IDEAнын долбоорлор координатору, 2011 - жылдан бери дебаттардын активдүү катышуучусу. 

Нурайым түз эфирибизде конокто болуп, ийгиликтүү дебат оюнчусу болуунун сырлары менен бөлүштү. 

 

1. Дебат - өзүңдү-өзүң көрсөтүү, ораторлук чеберчилик, критикалык ой-жүгүртүү, адамдар менен баарлашуу, уга билүү маданиятын калыптандырат.

2. Дебатка катышып эле тим болбюостон, аны жашоодо пайдаланганды да билүү керек: адамдар менен байланышууда, өзүңөрдү тааныштырууда ж.б.

3. Дебат - маселенин баардык тарабын карап, чечим чыгарууну үйрөтөт.

4. Дебатка катышкан адамда жарандык позиция, активдүүлүк калыптанат.

5. Көп сүйлөбөгөндөр дебатка келгенде, бир-эки оюндан кийин толкундануу сезимдеринен арылып, өз оюн эркин билдирип калышат.

6. Дебат - жөн гана талашып-тартышуу эмес!

7. Каршылашты жеңүү үчүн идеяга басым жасап, ойду туура жеткирүү керек. 

8. Мыкты дебатчы болгуңуз келсе эл аралык жаңылыктарды окуп, көп издениңиз.

9. Убакытты үнөмдөө үчүн ар бир оюңузду канча мүнөттө айтарыңызды жазып алыңыз.

10. Баштаган ишиңизди чыдамкайлык менен аягына чыгарсаңыз ийгиликти багынтасыз!

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт