// //

Мультик көрүп англисче үйрөнөбүз

2018.09.26, 14:18
3081

Мультфильм көрүү жагымдуу гана эмес, пайдалуу дагы болушу мүмкүн. Мисалы, мултьфильмдин жардамы менен англис тилин бат жана кызыктуу кылып үйрөнсө болот.

Атайын сиздер үчүн англис тилиндеги мультфильдерди топтодук. Көрүп жатканда субтитрин күйгүзүп коюуну унутпаңыз, түшүнүксүз сөздөр болуп калышы мүмкүн. 

Brave / Эр жүрөк

Турмушка чыккысы келбеген, Ангус атын минип алып, токой аралап, жаа атууну каалаган сары чачтуу Мериде ханбийкенин кызыктуу окуясы.

Howl’s Moving Castle / Жүрмө сепил

Каардуу мастан 18 жаштагы Софини кемпир кылып коёт. Кайра калыбына келүүгө жардам бере турган бирөөнү издеп жүрүп, күчтүү сыйкырчы Хаулга жолугат. Ал Софига бир шарт коёт.

Ferdinand /Фердинанд

Фердинанд - абдан боорукер бука. Башка букалардай болуп сүзүшкөндүн ордуна, көк чөптө отуруп, гүл жыттаганды жакшы көрөт.

Zootopia / Айбанаттар полиси

Шайыр Джуди Хопс тарыхтагы биринчи коён полицейский. Зоодой болгон кесиптештери менен атаандашуу жеңилге турбайт. Джудиде күчтүү экенин көрсөтүү үчүн бир мүмкүнчүлүк пайда болот. Митаам жана алдамчы түлкү Никти жардамчылыкка алат.

Ballerina / Балерина 

Балет бийчиси болгусу келген жетим кыздын окуясы. Кыялына жетүү үчүн талыкпай эмгектенет, атүгүл алдамчылыкка дагы барат.

Inside out  / Баш катырма 

Адамдардын башында жашаган - ачуулануу, кубаныч, коркуу, кайгы жана жийиркенүү сезимдери тууралуу кызыктуу мультфильм. 

Monsters, Inc./ Желмогуздар корпорациясы 

Күн сайын алар балдардын шкафынан чыгып, кичинекейлерди болушунча коркутат. Алардын жумушу ошол. Болбосо шаар жарыгы жок калат. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт