// //

Жыныстык катнашты тажатма көрүнүшкө айланткан 6 себеп

2019.07.05, 12:24
19959

Жыныстык катнаш - жаңы үйлөнгөн жубайлар үчүн жагымдуу убакыт өткөрүүнүн бир жолу болсо, бара-бара “милдетке” айланат.

Bilesinbi.kg бир нече сексолог жана психолог менен маектешип, жыныстык катнашты тажатма көрүнүшкө айланткан себептер тууралуу билип көрдү.

1. Өбүшүүнү унутуу

Өбүшүү эмне экенин унутуп, дароо ишке өткөн жубайлар жок эмес. Туулган күндөрдө, майрамдарда гана өнөктөшүнүн чекесинен же бетинен өөп коюу сезимдерди мокотот. Адистердин айтымында, канча убакыт өтпөсүн, мойнунан, акырегинен, эриндеринен өпкөнгө эч нерсе жетпейт. 

2. Өз алдынча чечинүү

Баштапкы ысыкты сактап калуу үчүн ар бир учурду өзгөчө кылуу керек. Өнөктөшүнүн кийимин, ич кийимин чечүү, муну эротикалык оюнга айлантуу муздап калган мамилени жандантат. Тилекке каршы, көп жыл чогуу жашаган жуптар кийимин өзү чечип ыргытып, дароо жууркан астына кирип кетет.

Эрогендик зонаны кантип тапса болот? Сексолог айтып

3. Жагымсыз жыттар

Сарымсак, пияз, шорпо, эт, чучук сыяктуу тамак жегенден кийин оозду чайкап, тишти тазалап, сагыз чайнап койгонго жарабаган жубайлар бар. Эски халатына, тизеси чыккан шымына, май тамган футболкасына, ашыкча салмагына көз жумуп койсо да, жыт билүү сезимин бууп коюу мүмкүн эмес.

4. Комплиментке жарды болуу

Өнөктөшүңө, “Бүгүн өзгөчө сулуусуң”, “Көйнөгүң сонун жарашат экен”, “Тамак даамдуу болуптур”, “Укмуш болду” (жыныстык катнаштан кийин), “Кандай гана күчтүүсүң” , деп айтып туруу абдан зарыл.

Сексологдон 5 кеңеш. Жыныстык жашоону кантип жандантса болот?

5. Дайыма бир жерде кошулуу

Дайыма жатаканда кошулуу – күндө эле шорпо иче бергенге барабар. Адистер монотондуу жашоо өзүнө сиңирип кете электе, жыныстык жашоону жандантуу керек экенин айтышат. Мисалы, дачага, мейманканага, машина ичинде же болбосо табиятка барып кумарга батуу.

6. Иш бүткөндөн кийин күнүмдүк тиричилик тууралуу сүйлөшүү

Финал – баарынан маанилүү. Кошулуп бүтүп, дароо эле, мештеги тамакты, үйүлүп турган кирди, карызыңды, бузулуп калган машинаңды эстеп жана сүйлөшүү, буга чейин болгон ырахаттын баарын жокко чыгарат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт