// //

Чыңгыз Монокбаев: "Программистке жогорку билимдин кереги жок!"

2018.09.03, 11:10
3327

Кантип программалоону үйрөнсө болот? Программист болуп жумушка кантип орношом? Сөзсүз жогорку билимге ээ болуш керекпи? Программист болуп акча таап башташ үчүн, качанкыга чейин окуш керек?  

Программист болгусу келген ар бир адамга бул суроолор кызык болсо керек. Түз эфирибиздин коногу Beeline уюлдук компаниясынын санарип продукттарды жетектөө боюнча менеджер Чыңгыз Монокбаев  программист болгусу келген окурмандардын суроолоруна жооп берди. Кызыктуу маекти толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар. 

Математиканы билбегендер программист боло албайт деген жаңылыш пикир. Бул тармакка ар адамда бар болгон – логика керек.   

Программалоону бат кантип үйрөнсөм болот?

Сизге оңой жолун айтып өтсөм, курстарга барыңыз. Эгерде Бишкекте болсоңуз, АУЦАныкын сунуштайм. Бир нерсени айта кетейин, бул оңой жолдун баасы кымбатыраак болуп калат.

Программалоону кайсы тилден баштасам?

Мен Python тилинен баштагам. Жаңы үйрөнчүктөр үчүн жеңил тил.

Сөзсүз түрдө курска баруу керекпи?

Программалоону үйрөнүү үчүн милдеттүү түрдө курска баруу керек деген нерсе жок. Эгерде мүмкүнчүлүк жок болсо, көптөгөн онлайн курстар бар. Мисалы, https://htmlacademy.ru/ , https://www.codecademy.com/ . Курстарды бүтүп, бир жерге кирип алсаңар болот. Бизде Билайнда дагы стажировкалар ачылып турат. Айтаарым, алган билимиңерди колдонгула.

Программалоону үйрөнгүм келет. Кайсы китепти сунуштайсыз?

Программалоону үйрөнгүңүз келсе абдан жакшы. Алгач сиз бир тармакты тандап алыңыз. Мен backend тармагын тандап, Python тилин үйрөнүп баштагам. Бул тилди жакшыраак билүү үчүн Марк Лутцтин «Изучаем Python» китебин сунуштайм.

Англис тилин үйрөнгүлө!

Программист сөзсүз түрдө жогорку билимдүү болуш керекпи?

Жок. Бул тармакка жогорку билимдин кереги жок. Алсак, Билайн программистерди жумушка кабыл алганда, жогорку билимин сурабайт.

Быйыл 2-курсмун. Мугалимдер өздөрү программалоону билбейт. Окууну бүткөндө, жумуш таба албай каламбы деп корко берем. Программаларыбыз эски.

Оба, өкүнүчтүүсү мындай учурлар көп кездешет. 4 жыл окугандын ордуна, курстарга барсаңыз, 9 айдын ичинде бир адис кылып чыгарып коюшат. Мен сиздин ордуңузда болгондо, окуумду сырткы бөлүмгө которуп, курска барып, иштей баштамакмын. Биздин университеттерде Delphi тилин окутушат. Мунун азыр рынокко кереги жок. Бул тилди үйрөнгөндөр жумуш таба албайт.

Мен 8-классмын. Программалоону үйрөнө бересем болобу?

Албетте, эгерде сиз азыртан үйрөнүп баштасаңыз, мен 2,5 жылда жеткен нерсеге, мектепти бүткөндө жетип каласыз.

Программист кандай мүнөзгө ээ болушу керек?

Программист болгусу келген адам, оюн бир жерге токтото алышы керек.

Эч качан окуганды токтотпогула. Программалоону үйрөнүп баштаганда, кыйын экен деп таштап койбогула. Канчалык көп билсеңер, ошончолук бийиктиктерди багынтасыңар!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт